Баткен облусунун казысынын орун басары С.Айматов атындагы орто мектебинин окуучулары менен жолугуп, мугалимди урматтоого чакырды

Баткен облусунун мусулмандар казысынын орун басары  Нурдин ажы Мамасабиров Баткен шаарындагы С.Айматов атындагы орто мектебиндеги 8-11-класстын окуучулары жана мугалимдери менен жолугушту. Мектеп окуучулары менен уюштурулган жолугушууда Нурдин ажы Мамасабиров адеп-ахлак, ата-энени сыйлоо, мугалимдерди урматтоо, элге, мекенге кызмат кылуу тууралуу сөз сүйлөп, окуучулардын динди карманууда аша чаап, туура эмес агымдарга кирип кетпеси үчүн сак болуулары керектигин эскертти.

Иш чаранын жүрүшүндө окуучулар сахналаштырылган чыгармаларды аткарышып, катышуучуларга өзгөчө таасир калтырды. Ал эми мектеп жетекчилиги ушундай пайдалуу лекциялардын өтүп туруусу  окуучулар үчүн пайдалуу болоорун айтып, эки тараптуу кызматташууну жакшыртуу керектигин билдирди.