Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңеши Азирети Муфтийдин ишмердүүлүгүнө «Эң жакшы» деген бааларын беришти

Бүгүн, 19-февралда Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги 7-жыйыны өтүп, анын алкагында Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармасынын жана Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушевдин, ошондой эле Борбордук Текшерүү Комиссиясынын жана БТКнын төрагасы Жунус ажы Сарановдун 2018-жылда аткарган жана жасаган иш-аракеттеринин отчёту угулду.

Отчёттор угулган соң Аалымдар Кеңеши Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармасынын жана Азирети Муфтийдин 2018-жылдагы ишмердүүлүгүнө «Эң жакшы» деген баа берди.

Муну менен катар жыйында Аалымдар Кеңешинин мүчөлөрү тарабынан коомчулук арасында, жаштарга туура багыт көрсөтүү максатында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, өлкө аймагындагы дин кызыматкерлери үчүн методологиялык китептерди чыгаруу маселелери боюнча сунуштар берилди.

Аалымдар Кеңешинин жыйынына Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев, Азирети Муфтийдин орун басарлары, КМДБнын бөлүм башчылары, облус жана шаар казылары, КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын өкүлдөрү катышты.

Жыйындын соңунда Куран окулуп, элибиздин биримдиги, жерибиздиги амандыгы үчүн бата кылынды.