Ош облусундагы диний окуу жайлардын мүдүрлөрүнө жаңы кодекстер боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Ош облусунун мусулмандар казысы Самидин кары Атабаевдин жетекчилиги астында облустагы диний окуу жайлардын жетекчилерине жыйын болуп өттү. Жыйынга КРнын дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын түштүк аймактык бөлүмүнүн башчысы Исакбай Мурзабеков жана башкы адиси Бөрүмухамбед Эсенов, казыят кызматкерлери жана 30га чукул институт, медреселердин мүдүрлөрү катышышты. Жыйында облус казысы Самидин кары Атабаев диний окуу жайлар үчүн Муфтияттан бекитилип берилген окуу программаларынын талабын сактоону жана сабактарды заманбап усулдар менен өтүүнү эскертти. Мындан сырткары диний окуу жайларда мүдүрлөрдүн бирдиктүү формасын кабыл алуу жана окуу процессиндеги акыйда, фихк сабактарына өзгөчө көңүл буруу тапшырмасын берди. Ал эми  КРнын дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын түштүк аймактык бөлүмүнүн башчысы Исакбай Мурзабеков концепциянын алкагында ДИМК тарабынан диний окуу жайлардын маалыматтык отчетторун так жана жеткиликтүү толтуруп тапшыруу зарылдыгын белгиледи. Ошондой эле ушул жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирген жаңы кылмыш-жаза кодекси, жазык-процессуалдык кодекс, жазык-аткаруу кодекси, жоруктар тууралуу кодекс жана бузуулар тууралуу кодекс менен тааныштырды. Муну менен катар аталган кодекстердин ичинде диний уюмдардын иш жүргүзүүсүнө байланыштуу пункттарына кеңири токтолуп, тиешелүү мыйзам талаптарын аткарбагандыгы үчүн диний уюмдарга салынуучу айып пулдардын көрсөткүчтөрү боюнча маалымат берип, түшүндүрүү иштерин жүргүздү. Жыйындын аягында диний окуу жайлардын мүдүрлөрү тарабынан кодекстерге байланыштуу суроолор берилип, тиешелүү жооптор алынды.