Сокулук районунун Төш-Булак айылындагы «Жабал» мечитинин жергиликтүү жамааты жашылдандыруу ишин башташты

Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Төш-Булак айылындагы «Жабал» мечитинин жергиликтүү жамааты мечиттин айланасына 13 жылдык балатыларды отургузушту. Балатыларды мечиттин жергиликтүү жамааты өз каражаттарына алышып, жаз айынын жакындап калгандыгына байланыштуу жашылдандыруу ишинин алгачкы саамалыгы экендигин айтышты.

«Жаз мезгили жакындап келе жатат. Пайгамбарыбыздын (с.а.в): «Эгерде Кыямат кайым башталып кетсе жана сенин колунда дарактын бир бутагы (же көчөт) болсо, мүмкүнчүлүгүн жетсе, аны отургузуп кой» — деген хадисине амал кылып, район боюнча мечиттерди жашылдандыруу иштерине план түзүлө баштады. Алгачкылардан болуп бул иш чараны Төш-Булак айылынын жергиликтүү жамааты баштап берди»,-деди Сокулук районунун баш имам хатиби Икрам ажы Ырысбаев.