Нарын казыяты имамдардын билимин жогорулатып, алар үчүн спорттук иш чараларды дагы уюштурууда

Нарын облустук  мусулмандар казыяты аймактагы имамдарынын билим деңгээлин жогорулатуу максатында уюштурган 10 күндүк окуу курсу аяктап, сертификат  тапшырылды. Учурда окуунун экинчи айлампасы башталып, анын алкагында имамдар Куран жаттоо, хадис, тил маданияты, фикх, тажвид, хутба кылуунун эрежелери, акыйда, диндер тарыхы сабактарын окушууда.  Мындан сырткары спорттук иш чаралар уюштурулуп,  шарият маселелери боюнча тажрыйбаларын бекемдешүүдө.