Кыргызстан Мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин төрагасы болуп Абибилла ажы Кадырбердиев шайланды

Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын Уставынын негизинде кечээ, 19-февраль күнү Аалымдар Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги 7-жыйынында АКнын төрагасын  шайлоо маселеси көтөрүлүп, жыйынтыгында Абибилла ажы Кадырбердиев төрага, ал эми Ниязали ажы Арипов менен Фархат ажы Юсупов төраганын орун басары болуп шайланышты.

Кадырбердиев Абибилла Набидинович 

Абибилла ажы Кадырбердиев 1977-жылдын 19-декабрында Баткен облусундагы Кадамжай районуна караштуу Жаңы-Жер айылында туулган.

Жогорку билимдүү:

1996-жылы Совет айылындагы №72 Кесиптик-техникалык окуу жайында билим алып, «көркөм кооздоочу» адистигине ээ болгон. 2003-2007-жылдары Кадамжай районуна караштуу Өрүкзар айылындагы «Азирети Усман» атындагы медреседе окуган. 2010-2016 ж Бишкек шаарындагы  “Расул Акрам” Ислам Институтунда «Имам хатиб жана араб тили мугалими» квалификациясына ээ болгон.

Эмгек жолу:

1998-1997 — 2004-жылга чейин Жаңы-Жер айылындагы №28 Абдрахманов атындагы орто мектебинде көркөм өнөр жана черчение сабактары боюнча мугалим болуп эмгектенген;

2007-2009 — «Азирети Усман» медресесинде мүдүрдүн орун басары;

2009-2010 —Жаңы-Жер айылындагы «Имам Аьзам» атындагы мечитте имам;

2010-2015 — Кадамжай районуна караштуу Кара-Дөбө айылындагы «Имам Аьзам» медреседе баш мударис;

2013-2016 — Жаңы-Жер айылындагы жаңы «Алхаади» атындагы мечитте имам хатиб;

2014-2015 — Баткен облустук казыятында фатва бөлүмүнүн башчысы;

2014-жылдын 4-мартынан бери КРдин Аалымдар кеңешинин мүчөсү;

2015-жыл декабрь — Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын диний окуу жайлар бөлүмүнүн кызматкери.

2016-жыл, ноябрь — 2017-жыл, апрель — Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын үгүт-насаат, жаштар жана түрдүү агымдар менен иштөө бөлүмүнүн башкы адиси;

2017-жыл 3-апрель — Аалымдар кеңешинин төрагасынын орун басары жана Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын аппарат жетекчиси.

2019-жылдын 19-февралынан тарта Аалымдар кеңешинин төрагасы.

Учурда Жалал-Абад шаарындагы Канболот Токтомаматов атындагы Эл аралык университетинин бухгалтердик эсеп, анализ жана аудит факультетинин тыштан окуу бөлүмүндө 4-курста билим алууда.

Үй-бүлөлүү, эки уул, эки кыздын атасы.