Тоңдун баш имам хатиби райондун билим берүү башкармалыгынын жетекчиси менен биргеликте мектептерде уюштурулуучу иштердин планын талкуулады

Тоң районунун баш имам хатиби Таалайбек ажы Акунов райондогу билим берүү башкармалыгынын өкүлдөрү менен  жолугушуп, анын алкагында окуучуларга ыйман менен адептүүлүктү жана терс диний агымдардын алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү боюнча макулдашышты.

Ушул эле күнү баш имам хатиб Ж.Алтымышбаев жана Токтобай уулу Шамей атындагы мектептеринин жетекчилиги менен жолугушуп, окуучулар үчүн түшүндүрүү иштерин жүргүзүү боюнча сүйлөштү.

“Тоң райондук билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Нурия Өндүрүшова менен жолугушуп, мектептерге уюштурулуучу иштердин планы, темалары талкууланды”,-деди баш имам хатиб.