Сузактагы имамдар жаздын келишине камылга көрүп, көчөт отургузууну пландашты

Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылынын алкагында Жалал-Абад облусунун казысы Абдулазиз кары Закировдун  тапшырмасы менен  Сузак районунун баш имам хатиби Жунус ажы Исмаилов кезектеги айыл округдар аралык  көчмө жыйынын Кыпчак айылында уюштурду. Жыйын алкагында имамдар 2018-жылы аткарылган иштерге анализ кылышып,  кемчиликтерди жоюу керектигин баса белгилешти.

“Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылында биз айыл аймактарындагы имамдардын иштөө кеңсесин түптөө, хатибиятты электрондоштуруу, дин кызматкерлеринин билим деңгээлин көтөрүү жана алар үчүн компьютердик курстарды уюштурууну максат кылдык”,-деди баш имам хатиб.

Муну менен катар жыйында жаз айы башталгандан тарта ар бир айыл өкмөттө “Бир момунга — бир дарак” акциясын баштап, айлана-чөйрөнүү көрктөндүрүү жана жашылдандыруу максатында бак дарактардын көчөттөрүн отургузуу боюнча тапшырмалар берди.

Ал эми казыяттын мечит бөлүмүнүн адиси Бектен ажы Боронбаев Сузак районуна караштуу мамлекеттик эсептик каттоодон өтпөй жаткан мечиттердин ар бирин атап, кыска мөнөттүн ичинде  каттоодон өткөрүү керектигин белгилөө менен каттоодон өткөрүү үчүн керек болгон иш кагаздарын түшүндүрүп берди.

Жыйындын соңунда бадык каралган маселелер 3 айдын ичинде жыйынтык бериши керектиги жана бул боюнча ар бир имам отчет берээри эскертилди.