Степной айылынын имамы Магамед Шамырзаев айылдагы жалгыз бой энеге каралашып келет

Жайыл районунун Степной айылынын имамы Магамед Шамырзаев «Степной» мечитинин жамааты менен биргеликте айылдагы Мария Термечикова аттуу жалгыз бой энеге каралашып, отунун жарып беришти.

«Ислам дини камкордукка чакырган дин. Ошол себептен сөз менен эле эмес иш жүзүндө жардам беришибиз маанилүү» — деди айыл имамы Магамед Шамырзаев.

Степной айылынын тургуну Мария Термечикова кызы менен жалгыз күн кечирип келет. Ага каралашаар жакындары жок болгондуктан кайрымдуу инсандар өз жардамдарын берип турушат.