Расулбек ажы Сариев: Бала-жаңыдан канат каккылаган куш сыяктуу. Ал куштун бийиктеп учушу үчүн албетте билим керек

Мындай пикирин Бишкек шаардык казыятынын окуу бөлүмүнүн адиси Расулбек ажы Сариев калаадагы №91 мектеп-гимназиясынын окуучулары менен жолугушканда билдирди. Окуучулар менен болгон жолугушууда «Адеп-ахлак жана ата-энени сыйлоо»  темасында лекция окулуп, балдарга ата-энени сыйлоо, билим алуу жана китеп менен дос болуу боюнча чакырыктар жасалды. Иш чарага мугалимдер жана күзөт кызматкерлери катышып, мындай жыйындардын өтүшү балдарды ыймандуулукка үндөй тургандыгын билдиришти.

«Бала-жаңыдан канат каккылаган куш сыяктуу. Ал куштун бийиктеп учушу үчүн албетте билим керек. Замандын талабына ылайык азыр мектепте жакшы билим алып, китеп менен дос болуш керек. Ошондой эле окуучулар ар кандай терс көрүнүштөрдөн, кылмыштуулуктан оолак болушу үчүн аларды ыймандуулукка, бийик адеп-ахлакка үндөө зарыл»- деди Расулбек ажы Сариев.