Токмоктогу «Шакирхан-Төрө» мечитинин жергиликтүү жамааты жүрөк оорусуна кабылган Ысык-Көл обласунун тургуну Мийнакүл Сыдыковага акчалай жардам чогултушту

Токмок шаарындагы «Шакирхан-Төрө» мечитинин жергиликтүү жамааты жүрөгүнөн жабыркаган Ысык-Көл обласунун тургуну Мийнакүл Сыдыковага  3 миң сом акчалай жардам чогултуп беришти.

Жардам жегиликтүү эл тарабынан топтолуп, аны шаардын баш имам хатиби Мийнакүл Сыдыковага  тапшырып берген.

«Мийнакүл Сыдыкова жүрөк оорусуна кабылган экен. Операция жасоо үчүн ири суммадагы каражат талап кылынып жатыптыр. Биз, жергиликтүү жамаатыбыз менен биргеликте атайын акча чогултуп, аз болсо да керегине жарап калаар деген үмүттө  жардамыбызды бердик. Андыктан элибизди кайрымдуу болуп, ооругандарга жана мүмкүнчүлүгү чектелгендерге жардам берүүгө чакырабыз»,-деди Токмоктун баш имам хатиби Имиржан ажы Касымов.