Жайыл районунун баш имам хатиби жана РИИБ кызматкерлери Кара-Балтадагы мектеп окуучуларына терс диний агымдар боюнча маалымат беришти

Жайыл районунун баш имам хатиби Нурдан ажы Омуралиев РИИБдин экстремизм жана терроризмге каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкери Нуржан Кезипбеков менен биргеликте Кара-Балта шаарындагы 4  мектептин окуучуларына жолугушуу уюштурушту.  Иш чара алкагында ыймандуулук, илимдүүнүн келечеги, ата-энеге, мекенге болгон сүйүү, зордук-зомбулуктан оолак болуу темаларында лекциялар окулган.

Муну менен катар бул күнү терс диний агымдардын алдын алуу боюнча атайын видео роликтер көрсөтүлүп, окуучуларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Эскерте кетсек, ушундай эл иш чаралар жакынкы аралыкта РИИБ жана мектеп жетекчилиги менен биргеликте Чүй облусундагы бардык билим берүү жайларында уюштурулмакчы.