Бишкектеги «Махмут Кашкари» мечитинин имамы республикалык ооруканада дарыланып жаткан бейтаптардан кабар алды

Бишкек шаарындагы «Махмут Кашкари» мечитинин имам хатиби Ильяс Абдувалиев шаардагы республикалык ооруканада дарыланып жаткан бейтаптардан кабар алды.

Зыярат учурунда Ильяс Абдувалиев оору Алла Таала тарабынан берилген бир сыноо экендигин айтып, аны сабыр менен каблы алуу керектигин түшүндүрдү.

«Оору бул – Алла Тааланын пенделерине берген сыноолорунун бири. Адам ооруп жаткан кезде ага жөлөк болуп, жардам бере турган жана көңүлүн көтөрө турган адамдарга өтө муктаж болот. Илимий изилдөөлөр тастыктаган боюнча оорулуунун жан дүйнөсү саламаттыкта болсо, анда ал ооруну эрте жеңип, бат сакайып кетет. Ал эми оорулууну зыярат кылуу – жан дүйнөсүнө кубаныч тартуулап,  ооруну бир азга болсо да унуткара турган иштерден болуп эсептелет. Ошол себептерден улам Ислам дини оорулууну үйүндө болобу же ооруканада болобу, аны зыярат кылууга чакырат»,-дейт Ильяс Абдувалиев.