Оорулууну зыярат кылуу адеби

Пайгамбарыбыз  саллаллаху алейхи уа саллам, өзү ар дайым аткарып жана аны кылууга кызыктырган сүннөт иштердин бири – ооруган адамды зыярат кылуу. Бул сүннөт ишти балдарга жаштайынан үйрөтсө, алар көптөгөн пайдаларды алышат. Жаш балдарды кичинесинен эле алсыздарга жардам берип, оорулууларды зыярат кылууга көндүргөн болсо, анда ал бала ыраймдуу жана боорукер болуп чоңойот. Ооругандарды жаштайынан көрүп өскөн бала, өзүнүн алсыз экенин жана ден-соолукту Аллах Таала берген эң чоң нээмат экенин түшүнөт.

Ислам дини – ырайымдуулуктун дини. Аллах Таала Өзүнүн пайгамбарына кайрылып мындай деп айтты:

«Биз сени ааламдарга ырайым кылуу үчүн гана жөнөттүк».  (Анбия сүрөөсү, 107-аят)

Ислам дини жашоонун бардык тарабына теңдик жана адилеттүүлүк менен карайт. Ал эми ал адилеттүүлүктөрдүн эң улуусу Ислам дини алсыздарга жана оорулууларга ырайым кылууну буйруйт.

Оору бул – Аллах Тааланын пенделерине бергенн сыноолорунун бири. Адам ооруп жаткан кезде ага жөлөк болуп жардам бере турган жана көңүлүн көтөрө турган адамдарга өтө муктаж болот. Ошондой эле “сен жакшы элесиң, айыгайын деп калдың, тынчсызданып коркуунун кереги жок” деген сезимди ойгото турган досторун жана жакындарын көрүп турууну да каалайт.

Илимий изилдөөлөр тастыктаган боюнча оорулуунун жан дүйнөсү саламаттыкта болсо, анда ал ооруну эрте жеңип, бат сакайып кетет. Ал эми оорулууну зыярат кылуу – жан дүйнөсүнө кубаныч тартуулап жана оорууну бир азга болсо да унуткара турган иштерден болуп эсептелет. Ошол себептерден улам Ислам дини оорулууну үйүндө болобу же ооруканада болобу, аны зыярат кылууга кызыктырган.

Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты: “Аллах Таала кыямат күнү: “Эй, адам баласы! Мен ооруганда сен Мени эмне зыярат кылган жоксуң?” Адам айтат: “Оо, Раббим! Ааламдардын Раббиси болсоң, Сени кантип зыярат кылам?” Аллах Таала айтат: “Баланча пендем ооруганын билдиң эле, бирок зыярат кылбадың. Эгер ошол пендемди зыярат кылганыңда Мени ошол жерден тапмаксың”,- деп айтат”.

(Сахих Муслим, 2569)

Башка бир хадисте, Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам: “Мусулмандын мусулманга болгон беш акысы бар:

1- Салам берсе, алик алуу.

2-Чүчкүрсө, йархамукаллах деп айтуу.

3- Чакырган болсо баруу.

4- Ооруса зыярат кылуу.

5-Дүйнөдөн кайтса, жаназасына качышуу”,- деп айтты”.

(Сахих Бухари, Сахих Муслим)

ООРУЛУУНУ ЗЫЯРАТ КЫЛУУДАГЫ КЭЭ БИР АДЕПТЕР

  1. 1. Оорулуунун ал-акыбалын сураганы барганда, көпкө отуруп аны жадатпай, кыска убакыттын ичинде пайдалуу нерселерди айтып берип, көңүлүн көтөрүү өтө жакшы. Пайдасы жок жагымсыз нерселерди айтуудан алыс болуу.
  2. 2. Ал үчүн сүннөттө келген дубалардан айтуу зарыл:

“Ас’алю-Ллаха-ль-‘Азыйм, Рабба-ль-‘арши-ль-‘азыйм, ан йашфийак”

(Улуу Аллахтан, Улуу Арштын Рабиснен сага шыпаа беришин сурайм) (жети жолу айтат),- деп  ж.б.у.с. дубалардан.

  1. Жаш балдарды алып барганда, аларды ызы-чуу кылуудан тыйып, тынчтыкты сактоо зарыл.

БАЛДАРГА ООРУЛУУНУ ЗЫЯРАТ КЫЛУУНУ ҮЙРӨТҮҮНҮН ЖОЛДОРУ

–  Хадистерден айтып берүү.

Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам айтты: “Мусулман адам өзүнүн ооруп жаткан мусулман бир тууганын зыярат кылган болсо, анда ал Бейиштеги мөмөлүү бактардын арасында болот”. (Муслим)

–  Сүннөттө келген дубалардан үйрөтүү.

“Ас’алю-Ллаха-ль-‘Азыма, Рабба-ль-‘арши-ль-‘азыйми, ан йашфийака”. ж.б.у.с. дубалардан.

–  Ар дайым ээрчитип жүрүү жана бул иш сооптуу иштрден экенин айтып берүү.

ООРУЛУУНУ ЗЫЯРАТ КЫЛУУНУН БАЛДАРГА БОЛГОН ПАЙДАЛАРЫ

  1. 1. Бала, Аллах Таала ага берген нээматтарга шүгүр кылганды үйрөнөт.
  2. Оорууну да, шыпааны да Аллах берээрин билет жана Ага гана таянып, дуба кылып ден-соолук сурайт.
  3. 3. Боорукерликке жана ырайымдуулукка үйрөнөт.
  4. Өзүнүн алсыз бир жан экенин билип, бой көтөрүүдөн алыс болот.
  5. Чоң адамдар менен аралашып, алардан үлгү насааттарды алат.