Кыргызстан Ислам Университетинин мугалимдери жана студенттери республикалык кан борборунун көчмө топ бөлүмүнө өз каалоолору менен кан тапшырышты

Кыргызстан Ислам Университетинин мугалимдери жана студенттери республикалык кан борборунун көчмө топ бөлүмүнө өз каалоолору менен донор болушуп, кан тапшырышты.

Кыргызстан Ислам Университетинин ректору Абдишүкүр ажы Нарматов кан тапшыруу,  башкаларга пайдалуу иш аракеттерди жасоо Ислам дининдеги сооптуу амалдардан экендигин айтып, бардык катышуучуларга ыраазычылык билдирди.

«Донордук кыймылды өнүктүрүү, жаштарды гумандуулукка үйрөтүү жана бири-бирине аяр мамиле жасоого чакыруу атуулдук милдетибиз»,-дейт КИУнун студенттери.