Кант шаарынын «Азери» мечитинин имамы Кыргызстан эл аралык университетинин студенттери менен жолугушту

Кант шаарынын «Азери» мечитинин имамы Мухаммад Дугларов Кыргызстан эл аралык университетинин «Эл аралык сүйлөшүүлөрдүн теориясы жана практикасы» сабагынын мугалими Салима Матаеванын чакыруусу менен студенттерге «Ислам дининдеги улуттар арасындагы мамиле» темасында баяндама жасады.

КЭУнун студенттерине уюштурулган жыйынга  Чүй ОИИБнин 10-бөлүмүнүн кызматкери Денис Пышкин катышып, студенттерге экстремизм жана терроризм туурасында маалымат берди.

Муну менен катар Мухаммад Дугларов студенттерди ыймандуулукка чакырып, конфессиялар арасындагы достукту бекемдөө менен билим алууга умтулуу керектигин баса белгиледи.