Жалал-Абаддагы имамдар социалдык тармактагы материалдарды талдоону үйрөнүштү

Жалал-Абад шаарындагы Тянь-Шань мейманканасынын конференц залында экстремизмдин  жана радикализмдин алдын алуу жана имамдардын мүмкүнчүлүгүн чыңдоо максатында “Заманбап медиа инструменттер” аталышындагы тренинг өттү. Тренинг алкагында имамдар социалдык тармактагы материалдарды талдоону үйрөнүү менен медиа сабаттуулугун жогорулатышты. Мындан тышкары диний толлеранттуулукту өркүндөтүүнүн жолдорун, конфессиялык аралык мамилелерди калыптандырууну дагы окуп үйрөнүштү.

Иш чарага КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын жетектөөчү адиси Гулназ Исаева, КМДБнын фатва бөлүмүнүн башчысы Равшан ажы Эратов, И.Арабаев атындагы кыргыз мамлекеттик университетинен жана Назира Курбанова менен Икбол Исаков кылышты.