Ош шаарындагы ӨКМдин куткаруу кызматкерлерине мекенге кыянаттык кылбоо темасында лекция окулду

Ош шаарындагы ӨКМдин куткаруу кызматкерлерине мекенди коргоо ыймандан жана ага кыянаттык кылбоо темасында жыйын өтүп, ага аскер прокуратурасынан Бакыт Матраимов, куткаруу кызматынын  командири Мирлан Карабаев жана Ош шаардык мусулмандар казыятынын Ак-Буура Батыш хатибиятынын баш имам хатиби Мирлан ажы Токтомушев катышты. Жыйында өз өмүрүнө кол салуу жана башкаларга  зыян жеткирүүнүн мыйзамдагы орду, мекенди сүйүүдөгү инсандын милдети, ата-мекенди коргоо боюнча баяндамалар жасалды.

«Ислам дини тынчтыкка,  ынтымак менен биримдикке, достук менен туугандыкты бекемдөөгө чакырган дин экендиги туурасында маалыматтар айтылды. Муну менен катар рекетчилик, талап-тоноочулук, үстөмдүк кылуу, өзүнүн өмүрүнө кол салуу жөнүндө лекциялар окулуп, бул иштердин бардыгы Жараткан Алла Таалага жакпаган иштерден экендиги айтылды»,-деди Мирлан ажы Токтомушев.