Жети-Өгүздө азанчылар арасында конкурс өтүп, мыктылары тандалды

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда азанчылар арасында конкурс өтүп, мыктылары тандалды. Иш чара  “Мухаммад-Умар-Ош” коомдук бирикмеси тарабынан уюштурулуп, анын алкагында 20 талапкер өз күчтөрүн сынап көрүштү.

“Сынактын тандоо туруна  катышкан ар бир катышуучунун азанды туура, көркөм жана тажвид менен  айткандыгы каралып, 3 талапкер тандалып алынды. 26-мартта боло турган сынака чейин биз дагы жеңүүчүлөр менен иш алып барабыз”,-деди  баш имам хатиб Каныбек ажы Кожогулов.

Эскерте кетсек, азанчылар арасында өткөн сынактын жеңүүчүлөрүн аныктөө саамалыгы 26-мартта Чолпон-Ата шаарындагы “Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад с.а.в.” атындагы борбордук мечитте өтмөкчү.