Муфтияттын фатва бөлүмүнүн башчысы Жалал-Абаддагы Эл аралык университеттин студенттерине терс диний агымдар боюнча маалымат берди

Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармасынын фатва бөлүмүнүн башчысы Равшан ажы Эратов Жалал-Абад шаарындагы К.Ш.Токтомаматов атындагы Эл аралык университетинин студенттери менен жолугушуп, терс диний агымдар боюнча маалымат берди.  Муну менен катар КМДБнын фатва бөлүмүнүн башчысы салттуу Ислам дини, ата-энени, мугалимдерди сыйлоо, мекенди сүйүү тууралуу адеп-ахлакка чакырган баяндамаларды жасады.

“Суденттер терс диний агымдардан оолак болуу үчүн аларда маалымат болушу керек. Андыктан экстремизм, терроризмдин алдын алуубуз үчүн талыкпаган түшүндүрүү иштерин жүргүзүп турганыбыз маанилүү”,-деди Равшан ажы Эратов.

Жолугушуу суроо-жооп менен коштолуп, студенттер өздөрү кызыккан бардык суроолорун беришти.