Ысык-Көл районунун баш имам хатиби аймактагы дин кызматкерлердин иш пландары менен таанышты

SONY DSC

Ысык-Көл районунун имамдарынын кезектеги жыйыны Чок-Тал айылында өтүп, анда  баш имам хатиб Максат ажы Сейталиев айыл аймагындагы дин кызматкерлеринин иш пландары менен таанышты. Муну менен катар баш имам хатиб имамдын жоопкерчилиги, пландуу иштердин өз учурунда аткарылышы боюнча бир катар тапшырмаларды берди.

“Эмгек- ар бирибиздин жүзүбүз. Андыктан ар бирибиз өзүбүзгө жүктөлгөн милдеттери так аткарып, жоопкерчиликтүү бололук”,-деди баш имам хатиб.