Свердлов районунун башкы имам хатиби Садыбакас ажы Доолов шаардагы бир катар мечиттерди текшерип чыкты

Бишкек шаарынын Свердлов районунун башкы имам хатиби Садыбакас ажы Доолов райондогу бир нече мечиттерди кыдырып, алардын ишмердүүлүгү менен жеринен таанышты. Муну менен катар мечиттин жергиликтүү жамааты менен жолугушуп, алардын сунуш-пикирлерин угуп кайтты.

“ “Дордой”, “Жанбото ата”, “Стамкул ата” мечиттериндеги жасалып жаткан алгылыктуу иштерди көрүп ыраазы болдум. Мечиттерде бардык шарттар каралып, жарандар үчүн бир топ ыйгайлуулуктар түзүлүптүр”,-деди Садыбакас ажы Доолов.

Муну менен катар баш имам хатиб мечиттин жергиликтүү жамаатына мамлекеттин эгемендиги жана элдин бүтүндүгү туурасында баяндама жасап, түшүнтүрүү иштерин жүргүздү.