Григорьевка айылынын маданият үйүндө диний кырдаал талкууланып, өспүрүмдөргө болгон зомбулуктун алдын алуу маселелери каралды

Ысык-Көл районунун Григорьевка айылынын маданият үйүндө диний кырдаал талкууланып, терс диний агымдар жана жаш өспүрүмдөргө болгон зордук-зомбулуктарга каршы жүргүзүлүүчү иш-аракеттер боюнча бир катар маселелер каралды.

Муну менен катар өспүрүмдөр арасындагы укук бузуулар жана суицид, талап-тоноочулукка каршы иш-чаралар туурасында билдирүүлөр жасалды.

“Балдарыбыздын келечегине кайдыгер болбойлу. Бүгүнкү бала эртеңки ата-эне, мамлекетибиздин жараны, коомубуздун өкүлү. Ошол себептен туура тарбия берүү үйдөн башталышы зарыл”,-деди баш имам хатиб Максат ажы Сейталиев.

Иш чарага Ысык-Көл районунун акиминин орун басары Салтанат Сатындиева, айыл өкмөт башчысы Эсен Арунов, ИИБ, МУКК өкүлдөрү, райондук кеңештин депутаттары,  баш имам хатиб Максат Сейталиев, айыл имамы Жарашбек Асанбеков жана айыл тургундары катышты.