Нарында азан айтуу боюнча сынак өтөт

2019-жылдын 27-мартында Нарын  облустук казыяты жана «Мухаммед-Умар Ош» коомдук бирикмеси  тарабынан Нарын облусундагы  азанчылар арасында азан айтуу боюнча мелдештин облустук туру өтөт.

Сынак азандын маани-маңызын элдин калың катмарына жеткирүү жана туура, көркөм айткан азанчыларды даңазалоо максатында уюштурулууда.

Конкурстун 1-этабы 2019-жылдын 10-мартына чейин райондук деңгээлде өтүп, жеңүүчүлөрү 27-мартта облустук турга жолдомо алат.

Сынактын калыстары:

  1. Сынактын төрагасы: Басиров Рахматулла кары;
  2. Калыс: Атабаев Бакир кары;
  3. Калыс: Курбанбаев Мухаммадияр кары;
  4. Калыс: Атаназаров Имамназар кары;
  5. Калыс: Жолдубаев Нурали кары.

Сынакты өткөрүүнүн жол-жобосу жана сыйлыктары;

Облустук тандоо турунан 1-2-3-орунду алган азанчылар республикалык азанчылардын сынагына жолдомо алат жана аларга төмөндөгү сыйлыктар берилет.

1-орун – 8000 сом;

2-орун – 6000 сом;

3-орун – 4000 сом .

Катышуучу Кыргыз Республикасынын жараны болууга тийиш.

Сынака катышуучулардын жаш курагы чектелбейт.

Эскертүү: Эгерде график өзгөрсө катышуучуларга телефон аркылуу маалымдалат.