Бишкек шаарындагы «Хафиз уулдары» мечитинин имамы менен «Ак Жар» жаңы конушунун координатору 2019-жылы аткарыла турган иштерди биргеликте талкуулашты

Бишкек шаарындагы  «Ак Жар» жаңы конушунда жайгашкан «Хафиз уулдары» мечитинин имам хатиби Уланбек каары Курманбаев аймактарды өнүктүрүү жылына  карата мечиттин бир жылдык иш планын иштеп чыгып, аны жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен талкуулады. Жаңы конуштун координатору Сүйүн Мурзакановдун  катышуусунда өткөн жыйында ысырапкерчиликти кыскартуу, жакыр үй-бүлөлөрдү тактап чыгып, аларга материалдык жардам көрсөтүү, жаштарды ар кандай азгырыктардан оолак кылууда түшүндүрүү иш чараларын уюштуруу маселелери каралды.

«Биз айыл өкмөт менен ар дайым тыгыз иш алып барабыз. Бул жылы да жасала турган иштерибизди тактап,  пландап алдык. Буюрса жасала турган иштер алдыда»- деди Уланбек каары Курманбаев.