Балыкчы шаарындагы мечиттерде өрт коопсуздугун алдын алуу максатында имамдарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Балыкчы шаарындагы мечиттерде өрт коопсуздугун алдын алуу максатында  эвакуациялоо планы каралды. Иш чарага Балыкчы шаардык өзгөчө кырдаал бөлүмүнүн башчысы Кубан Мамбеталиев катышып, электр энергиясына этият мамиле кылып, мечиттерде коопсуздукту сактоо үчүн атайын маалыматтар илинүүсү керектиги айтылды.

Мындан сырткары өрт учурунда жарандарды эвакуация кылуу планы түшүндүрүлүп, атайын колдонмо курал катары чыгаруу жагы ар бир имамга тапшырылды.