Бишкектеги Хафиз уулдары мечитинин жамааты 4 баланы жалгыз тарбиялап келген энеге 5 миң сомдук жардам беришти

Бишкек шаарындагы Хафиз уулдары мечитинин имам хатиби Уланбек каары Курманбаевдин демилгеси менен ар ай сайын жакыр үй-бүлөлөргө мечиттин жамаатынын атынан жардамдар берилип келүүдө. Бул жолу Ак-Жар конушундагы жалгыз 4 баланы тарбиялап келген энеге 5 миң сомдук жардам берилди.

«Албетте, Алла  Таала кээ бир инсандарды байлык менен сынаган сыяктуу, жокчулук менен да сынайт. Мусулмандар эки учуруна тең шүгүр ылуу менен Жаратканга ыраазы болушубуз керек. Мусулмандар бекем болгон жерде тарых көрсөткөндөй жакыр үй-бүлөлөр аз санда гана болушкан»-деди Хафиз уулдары мечитинин имамы.