Түп районунун баш имам хатиби имамдардын ишин текшерип, коомчулукка Ханафий мазхабы, Матурудий акыйдасы боюнча маалыматтарды берүүнү милдеттендирди

Түп районунун баш имам хатиби Бакыт ажы Кайкиев «Белек ата» мечитинде жалпы имамдар менен жолугушуп, алардын ишмердүүлүгү менен таанышты. Муну менен катар баш имам хатиб даават, үгүт-насаат ишинин жүргүзүлүшү КМДБнын жобосуна ылайык болуусун дагы бир жолу эскертип, ар бир жаранга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керектигин билдирди. Муну менен катар коомчулукка терс диний агымдар, Ханафий мазхабы, Матурудий акыйдасы боюнча маалыматтарды берүүнү  милдеттендирди.