Ала-Буканын баш имам хатибинин демилгеси менен райондогу оорукананын 1 бөлмөсү оңдолуп, кайрымдуу инсандар атайын керебет белек кылышты

Ала-Бука районунун баш имам хатиби Шумкарбек ажы Чыналиевдин демилгеси менен Ала-Бука райондук борборлоштурулган ооруканасынын хирургия бөлүмүндөгү жарактан чыккан бир бөлмөчөнү жергиликтүү тургун Кулмурзаевдердин үй бүлөсү оңдоп-түзөөдөн өткөрүп, заманбап шарттары менен Зыйнат апанын наамынан пайдаланууга берди.

Райондогу оорукананын бир бөлмөсүн оңдоп-түзөөдөн өткөрүү үчүн жалпы 250 миң сом сарпталган.

 “Зыйнат апа  ооруп жаткан учурда уул-кыздары биригип чет мамлекеттен 120 миң сомго пульт менен иштөөчү керебет алдырып, апасына берген болчу. Тилекке каршы, мындан бир канча күн мүрда дүйнөдөн өтүп кетти.  Балдары апабыз Зыйнатка сообу тийип турсун  деп мына ушул керебетти үйүнө алып кетпей ооруканага белек кылды, мындан тышкары телевизор, муздаткыч, стол, стул, керебет жана раковиналарына чейин жаңы койдуруп заман талабына ылайыктап беришти”,-деди Шумкарбек ажы Чыналиев.  

Мындан тышкары түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөндүктөн ысырапкорчулукка жол берилбей,  элде жакшы түшүнүк пайда боло баштаган.

Эскерте кетсек, Кулмурзаевдер  буга чейин Ала-Бука районунун борбордук мечитине үн чыгаруучу аппараттарды алып берсе, бала-бакчаларга да жардам колун сунуп келишкен.