Азирети Муфтийдин орун басары Жоробай ажы Шергазыев КИУнун Ош шаарындагы Куран жаттатуу борборунун студенттери менен ийгиликке жетүүнүн сырын талкуулады

Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийинин орун басары Жоробай ажы Шергазыев Кыргызстан Ислам Университетинин алдындагы Ош шаарындагы Куран жаттатуу борборунда билим алып жаткан студенттер менен жолугушту.

Жолугушуунун алкагында Азирети Муфтийдин орун басары «Канткенде ийгиликке жетебиз?» аталышындагы темада баяндама жасап, окуучуларга ийгиликке жетүүнүн сырларын айтып берди.

«Канткенде ийгиликке жетебиз? Албетте, билимдүү болсок ийгилик биз тарапта. Ошондуктан ар бирибиз билим алуу үчүн убакыт таап, көрөнгөбүздү кеңейтели»,-деди Жоробай ажы Шергазыев.