Кеминдин баш имам хатиби райондогу мечиттерди текшерип чыкты

Чүй облусунун Кемин районунун баш имам хатиби Азамат Джумадылов жетектеген хатибият кызматкерлери райондогу бардык мечиттерди текшерип чыгышты. Текшерүү учурунда баш имам хатиб мечиттердин документтерине жана шарттарына  көңүл буруп,  имамдардын иш алып баруусу менен жакындан таанышты.

Муну менен катар өз жоопкерчилигин так аткарбаган имамдарга райондук хатибият тарабынан эскертүүлөр берилип, кемчиликтерди кыска убакыттын аралыгында жою тапшырмасы коюлган.

«Мечиттерди текшерүү учурунда жергиликтүү тургундарга дагы түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, кандай гана диний суроо жаралбасын  имамдардан жооп алууга чакырдык. Муну менен катар терс диний агымдар боюнча дагы түшүндүрүү иштерин жүргүздүк»,-деди баш имам хатиб.