Чүй облусунун казысы Руслан ажы Жумагулов казыяттын көчмө жыйынына кечигип келген Ысык-Ата, Кант жана Кемин районунун баш имам хатибтерине эскертүү берди

Чүй облусунун мусулмандар казысы Руслан ажы Жумагулов кезектеги көчмө жыйынын Сокулук районунда өткөрүп, ага аймактагы бардык баш имам хатибдер катышты. Жыйын алкагында отчетту өз учурунда тапшыруу, казыятта жана хатибияттарда элди кабыл алуучу жайларды дайындоо, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен иш алып баруу маселелери каралды. Ошондой эле облус казысы жаз мезгилинин башталуусу менен облус аймагында массалык түрдө ишембиликтерди өткөрүү тапшырмасын берип, бак-дарактарды отургузууну милдеттендирди.

Ал эми облустук казыяттын көчмө жыйынына кечигип келген Ысык-Ата, Кант жана Кемин районунун баш имам хатибтерине эскертүү берилди.