Равшан ажы Эратов: Билим-акылмандыктын ачкычы

Мындай пикирин Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармасынын  фатва бөлүм башчысы Равшан ажы Эратов  Баткен Мамлекеттик Университетинин студенттери менен жолугушканда билдирди.

Муну менен катар ал көпчүлүк инсандар билим албай туруп материалдык инвеститция тартууга шашылып, мындай көрүнүш көбүнчө туура эмес багытка түшүп калуу коркунучун жарата тургандыгын билдирди. Ошондой эле адам баласы биринчи өзүнө билим жана руханий жактан инвеститция тартуусу аябагандай маанилүү экендигин билдирди.

«Акыл менен ыйман эриш-аркак жүрүшү зарыл. Акыл-бул бир гана адамзатына берилген баалуу нерселердин бири. Ыйман акылды туура багытка үндөйт. Ошондуктан алган билимди ыйман менен айкалыштырып, туура пайдалансаңыздар коомго чоң пайда алып келет» – деди Равшан ажы Эратов.

Аталган семинарга Баткен облусунун казысы Пазыл ажы Султанмуратов жана ДИМКтин Баткен облусундагы өкүлү Кубаныч Касымов  катышып, өздөрүнүн акыл-насааттарын айтышты.

Эскерте кетсек, аталган жолугушууну  Баткен облустук казыяты менен Баткен мамлекеттик университети  биргеликте уюштурган.