Тоң районундагы мектептерде талап-тоноочулук, терс диний агымдардын алдын алуу, өз өмүрүнө кол салууну токтотуу максатында түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт

Тоң райондук билим берүү башкармалыгында «Экстремизм, терроризм жана суицидге жол жок» аталышындагы иш чара өтүп, ага РИИБ кызматкерлери, Төрт-Күл айылынын имамдары жана билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Нурия Өндүрүшова катышты. Иш чара алкагында жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен дин кызматкерлери мектептердеги талап-тоноочулук, терс диний агымдардын алдын алуу, өз өмүрүнө кол салууну токтотуу максатында биргеликте иш алып барууну пландашты.

“Ушундай эле түшүндүрүү иш чарасы Кажи-Сай айылында өтүп, жергиликтүү тургундарга терс диний агымдар боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Муну менен катар балдардын тарбиясына көңүл буруп, билим берүү керек экендигин айттык”,-деди Тоңдун баш имам хатиби Таалайбек ажы Акунов.