Кемин шаарындагы «Айша бинти Абдулла» мечитинин имамы шаардагы жаш спортчулар менен жолугушту

Чүй облусунун Кемин шаарындагы «Айша бинти Абдулла» мечитинин имамы Таалай Сейталиев шаардагы Темирлан Абдылдаев жетектеген спорт мектебиндеги жаш машыгуучулар менен жолугушту. Жолугушуу алкагында Таалай Сейталиев спорттун пайдасы жана шарияттагы орду туурасында айтып, аны туура максатта колдонуу керек экендигин түшүндүрдү.

«Ден-соолукту жакшы кароо аманат. Такай спорт менен машыккандардын  органдар менен системаларынын түзүлүшү, функциясы жакшырат. Машыгуулардын натыйжасында сөөктөр бышык болуп, адам өзүн дайыма сергек сезет» — деди «Айша бинти Абдулла» мечитинин имамы.