Быйыл 9 диний окуу жайда кошумча кесип үйрөткөн курстар ачылат

Кыргызстанда медреседе окуган жаштарга кесип үйрөткөн социалдык долбоордун кезектеги этабы быйыл жаздан тарта ишке аша баштайт. Респубика аймагындагы медреселердин суроо-талабын, кайсы кесипти үйрөнүүгө маани беришерин анализдеп чыккандан кийин, быйылкы жылдын эсебинен тогуз медресе тандалып алынды. Жыйынтыгында 300гө жакын уландар менен кыздар жаңы кесипке ээ болуп чыгышат. Бул тууралуу медреселерде окуган жаштарга кесип үйрөткөн “АВЕП” коомдук фондунун жетекчиси Нурлан Токонов маалымдады.

Долбоор Кыргызстандын бардык облустарын камтып, бир катар диний окуу жайлардын тарбиялануучулары ар кандай багыттар боюнча кесиптик билим алышат. Адистиктер “Ашпозчу-кондитер”, “Ширетүүчү”, “Электромонтажник, “Тикмечи”, “Тиричилик техникаларын оңдоочу адис”, “Эмерек жасоочу уста”, “Слесарь-сантехник” жана “Компьютердик сабаттуулукка үйрөтүүчү адис” багыттары боюнча үйрөтүлөт.

“Биздин максат жаштарга сапаттуу билим берип, жашоо-турмушуна керектүү, пайдасы тийгидей болгон кесип үйрөтсөк дейбиз. Негизи медреседе окуган балдар зээндүү келишет экен. Жыйынтыгы абдан ийгиликтүү болуп жатат. Бүтүрүүчүлөрдүн теңинен көбү жумуш менен камсыз болуп жатышат” – деп белгиледи КМДБнын окуу бөлүмүнүн башчысы Акимжан ажы Эргешов.

Долбоордун алгачкы этабы 2015-жылы башталып, “АВЕП” коомдук фонду жана Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы алдында ишке ашырылган. Медреселерде окуган жаштарды кесипке үйрөткөн жабдуулар менен камсыздап, окутуп, үйрөтүүгө кеткен чыгымдарды (методикалык окуу куралдарын иштеп чыгуу, окута турган мугалим-адистерди тандоо, алардын айлык акысы жана башка шарттары) толугу менен грант катары берип, АКШнын Кыргызстандагы элчилиги каржылоодо.  Былтыртан тарта долбоор Кыргызстандын бардык аймагын камтыган. Төрт жыл аралыгына “Медресе жаштарын кесипке үйрөтүү” долбоорунун алкагында 1184 окуучу кесип үйрөнүп чыкты. Алардын ичинде 499у кыздар болгон. “Мониторинг кылуунун жыйынтыгында бүтүрүүчүлөрдүн 60-65% пайызы туруктуу жумуш менен камсыз болуп, иштеп жатканы аныкталды.