Баткендеги имамдар медиа сабаттуулугун жогорулатышты

Баткен районундагы жана Баткен шаарындагы  имамдардын медиа сабаттуулугун жогоруулату максатында тренинг болуп өттү. Тренинг алкагында дин кызматкерлерине  интернет, социалдык тармактагы материалдарды талдоо боюнча маалыматтар берилди.

Иш чарага КР дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын жетектөөчү адиси Гулназ Исаева, КМДБнын фатва бөлүмүнүн башчысы Равшан ажы Эратов, И.Арабаев атындагы кыргыз мамлекеттик университетинен жана Назира Курбанова менен Икбол Исаков,  Баткен облусунун казысы Пазыл ажы Султанмуратов катышты. Окуу семинарынын алкагында имамдар медиа инструменттер аркылуу элди жакшылыкка чакырып, жамандыктан кайтаруу ыкмаларын, маалымат каражаттарындагы  материалдарды талдоо жолдорун өздөштүрүштү.