Жалал-Абаддагы диний окуу жайлар арасында өткөн олимпиаданын облустук туру аяктап, жеңүүчүлөр аныкталды

Жалал-Абад облусунун мусулмандар казысы Абдулазиз кары Закировдун демилгеси менен облус аймагындагы бардык диний окуу жайларда араб тилинин грамматикасы жана фикх сабагы боюнча уюштурулган олимпиада Сузак районунун Имам Аьзам медресесинде өтүп, ага медреселерде өткөрүлгөн олимпиадада 1-орунду багындырып, жолдомо алган студенттер  катышты.

Олимпиаданын негизги максаты облус аймагындагы бардык диний окуу жайлардын жана мугалимдердин жоопкерчилигин күчөтүү, тажрыйба алмашуу, сабактарды тереӊдетип окутууну жогорулатуу менен бул иш чаранын алкагында студенттер үчүн ачык сабактар, мугалимдердин жөндөмдөрүн кароо балуп саналат.

«Бул олимпиадалардын өтүшү менен студенттердин кызыгуусу жогоруласа, мугалим предметти толук жеткирүү үчүн издене баштайт. Андыктан диний окуу жайларда мындай саамалыктар өтүп туруусу маанилүү»,-деди облус казысы Абдулазиз кары Закиров.

Олимпиаданын жүрүшү боюнча атайын облустук казыяттан комиссиялык топ түзүлүп, жоболор бекитилип, сынактын катышуучулары үчүн атайын убакыт берилди. Сынак тест түрүндө фикх сабагынан даарат жана намаз бөлүмүнөн 25тен бөлүнүп, жалпы  50 суроо, ал эми грамматика боюнча сарф 25, наху 25 болуп, 50 суроо түзүлгөн. Жыйынтыгында фикх сабагынан 3 студент бирдей 98 упай алып, 1-2-3-орун боюнча ат салышты.

1-орун Акбаралиева Мадина Аиша Сиддика медресеси,

2-орун Бактыяр кызы Нурия Аиша Сиддика медресеси,

3-орун Нишанова Мадина Аиша Сиддика медресеси,

Ал эми грамматика боюнча 1-орунду Аиша Сиддика медресесинин студенти Бакирова Жанылмырза  багындырса, 2-орунда  2 студент бирдей 86 упай алып, 2-3-орун боюнча өз күчтөрүн сынап көрүштү. Жыйынтышында Илим ТАТ  медресесинен Анарбаева Огулхан 2 орунду ээлесе, 3-орунга кайра эле Аиша Сиддика медресесинен Алимова Муслима ээ болду.

Олимпиаданын жеңүүчүлөрү дипломдор, номинациялар жана белектер менен сыйланышып, жакынкы күндөрдө түштүк аймагы боюнча өтүлүүчү сынакка жолдомо алышты.

Эске салсак, буга чейин облус казысы Абдулазиз кары Закировдун демилгеси менен адеп-ахлак, хадис сабагы боюнча олимпиада  уюштурулган болчу. Бул иш чаранын өтүлүшүнө“Адеп башаты-Жалал-Абад” фонду  демөөрчүлүк кылып, уюштуруу иштерин жардам беришкен.