Нарын казыяты уюштурган имамдардын 10 күндүк окуу курсу аяктап, сертификат тапшырылды

Кечээ, 28-февралда Нарын казыяты имамдарынын билимин жогорулатып, алардын  ишмердүүлүгүн жакшыртуу максатында уюштурган 10 күндүк окуу курсунун экинчи айлампасы аяктап, сертификат тапшырылды.

10 күндүк окуу курсунда 5 райондун имамдары Куран жаттоо, хадис, тил маданияты, фикх, тажвид, хутба кылуунун эрежелери, акыйда сабактарынан билим  алышты.

«Үчүнчү айлампадагы 10 күндүк окуу курсу башталганы турат. Бул иш чара айыл аймагындагы дин кызматкерлердин билимин жогорулатуу максатында уюштурулууда»,-деди облус казысы Мамбетасан ажы Ибраев.