Чүй облусунда өткөн азанчылардын сынагында «Мадамин» медресесинин окуучусу менен «Фатима» мечитинин азанчысы мыктылыгын көрсөтүштү

Чүй облусунун Лебединовка айылындагы «Розалим» мечитинде азанчылар арасында сынак өтүп, ага Аламүдүн районундагы диний окуу жайлардын студенттери жана мечит азанчылары катышты. Сынактын алкагында жеңүүчүлөр 24-март күнү өтө турган облустук жарышка жолдомо алышса, мыктыларына сыйлыктар ыйгарылды.

«Мыкты деген наамга «Мадамин» медресесинин окуучусу Мамаюсуф уулу Мустаким менен  «Фатима» мечитинин азанчысы Илясхон Назиров ээ болушту»,-деди Абдурахман Анаркулов.

Эскерте кетсек, азанды көркөм айтуу сынагы Чүй облустук казыяты менен «Мухаммед-Умар-Ош» коомдук бирикмеси тарабынан уюштурулуп, ага Анарбай каары Курбанбеков, Молдогазы Зияев, Алманбет ажы Суеркулов жана Аламүдүн районунун баш имам хатиби Абдурахман Анаркулов калыстык кылышкан.