Ысык-Көл облустук казыятынын алдындагы “Ислам таануу” аялдар борборунда билим алышкан кыз-келиндердин окуу курсу аяктады

Ысык-Көл облустук  мусулмандар казыятынын алдындагы “Ислам таануу” аялдар борборунда билим алышкан кыз-келиндердин 2-айлампасы жыйынтыкталып, сертификат тапшырылды.

Окуу курсу кыз-келиндер арасындагы экстремисттик идеологиянын алдын-алуу жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүү багытында уюштурулуп, учурда сабактар улантылууда.

Эскерте кетсек, аялдар, кыз-келиндер менен иштөө, алардын арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү максатында Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев 2016-жылдын 30-июлунда №4-токтомун бекиткен.