Баткен казысынын орун басары Кызыл-Кыя шаарынын жашоочуларын ынтымакка үндөдү

Баткен облусунун мусулмандар казысынын орун басары Кызыл-Кыя шаарынын  жашоочулары менен жолугушуп, ынтымак жана  мекенди коргоо темасынын алкагында баяндамасын жасады. Облус казысынын орун басары Кызыл-Кыя шаарынын тургундарына бөлүнүп-жарылуунун кесепеттерин айтып, шаар тургундарын биримдикке, дайыма кайрымдуу болууга чакырды.

Эскерте кетсек, аталган жолугушуу Кызыл-Кыя шаарындагы Мураталы ажы  Жуманов атындагы борбордук мечитте өттү.