Аладин ажы Исламидинов: Мекенди сүйүү – ага болгон кызмат менен болот

Ысык-Ата районунун Новопокровка айылындагы «Ахмад» мечитинин имамы Аладин ажы Исламидинов №11 аскердик бөлүктүн жоокерлерине мекенди сактоо жана кызмат кылуу, ата-энени ураттоо, өз өмүрүнө кол салуунун шарияттагы өкүмү боюнча маалымат берди.

Иш чара №11 аскердик бөлүктүн жетекчилиги тарабынан уюштуруп, ага бардык жоокерлер катышкан.

«Мекенди сүйүү – куру сөз менен болбойт. Мекенди сүйүү – кайсы бир улуттук кийимди кийип алуу менен болбойт. Мекенди сүйүү – ага болгон кызмат менен болот. Аалымдардын бири айтат: “Адамга туура баа берүү үчүн, анын үч нерсесине көңүл бур: Мекенге болгон сүйүүсүнө, бир туугандарына жасаган мамилесине, өткөн өмүрүнө эсеп берүүсүнө”. Адам өз мекенине болгон сүйүүсүн кантип билдирет. Биринчи кезекте, мекенинин келечеги үчүн эмгек кылуусу керек»,-деди Аладин ажы Исламидинов.