Ак-Башат айылынын имамы айыл өкмөт башчысы менен биргеликте иш алып барат

Жайыл районуна караштуу Ак-Башат айылынын имамы Замир Икромбаев Ак-Башат айыл өкмөтүнүн башчысы Канат Үмөталиев менен жолугушту. Эки тараптуу жолугушуунун алкагында ысырапкерчиликти токтотуу, жаштарга таалим-тарбия берүү маселеси боюнча пикир алышып, бул жаатта биргеликте иш алып барууну макулдашты.

«Жергиликтүү бийлик өқкүлдөрү менен тыгыз мамиледе иш алып баруу райондук хатибияттын иш планына кирип, аймактагы имамдарга тапшырмалар берилген. Муну менен катар дин кызматкерлери жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен бирге коомчулук арасындагы терс көрүнүштөрдү болтурбоо боюнча иш алып барышат»,-деди райондун баш имам хатиби Нурдан ажы Өмүралиев.