Чолпон-Ата шаардык хатибияты Бишкек шаарындагы шарият окутуу медресесине азык-түлүк түрүндө жардам көрсөттү

Чолпон-Ата шаардык хатибияты Бишкек шаарынын Жал кичи районундагы шарият окутуу медресесине 1 кой, 3 кап ун, кесме, суу май, туз, суусундук, чай, 40 кап картошка түрүндө жардам көрсөтүштү. Муну менен катар Чолпон- Ата шаардык спортчулардын атынан Тынчтык Сатаров 20 кап картошка тапшырса, Азамат  Ибраев 2 миң сом акчалай жардам көрсөткөн.