Мирбек Казаков: Биз адегенде тарбиялай турган баланын табиятын жакшы билүүбүз зарыл

Суусамыр өрөөндөгү «Конушбаев Кадырбек» орто мектебинде балдарга туура таалим-тарбия берүүнүн зарылдыгы, адеп-ахлакты жогорулатуу жана зордук-зомбулуктун алдын алуу максатында атайын иш чара өттү. Иш чарага айыл өкмөт башчысы Урмат Отунчиев, мектептин директору Азамат Кашкариев, ата-энелер комитети, аймактык милиция кызматкери Жээнтай уулу Талгат, айылдык кеңештин депутаттары жана Суусамыр аймагынын имамы Мирбек Казаков катышты.

«Тарбиянын негизги түрлөрү үй-бүлөлүк жана коомдук тарбия болуп бөлүнөт. Тарбия коомдун эң зарыл жана негизги функциясы. Андыктан биз жаштарга тарбияны үйдөн баштаганыбыз туура болот. Биз адегенде тарбиялай турган баланын табиятын жакшы билүүбүз зарыл»,-деди имам Мирбек Казаков.

Ал эми жалпы катышуучулар окуучуларды билимдүү болууга чакырышып, эң негизгиси билимдүү болуу керектигин айтышты.