Базар-Коргон айыл өкмөтүнүн баш имамынын бир жылдык отчету “жакшы” деп бааланды

Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылынын алкагында Жалал-Абад облусунун казысы Абдулазиз кары Закировдун  тапшырмасын ишке ашыруу максатында  Базар-Коргон районунун баш имам хатиби Тынчтыкбек ажы Шаиковдун  иш мерчеминин негизинде айыл өкмөттөр аралык кезектеги  көчмө жыйын Базар-Коргон айыл өкмөтүнүн «Хизр Алейхис-cалам» мечитинде  уюштурулду. Жыйынга  айыл өкмөттүн баш имамдары катышып, имамдын ролу, айыл өкмөттүн баш имамынын бир айлык иш мерчемин бекитүү, келишимдерди түзүү боюнча талкуу жүргүзүп, имамдар арасында компьтердик курстарды уюштуруу маселелерин карашты. Жыйындын жүрүшүндө экинчи маселе катары Базар-Коргон айыл өкмөтүнүн баш имамы  Шерматов Акмалжон  2018-жыл аймактарды өнүктүрүүдө жасаган иштери, өткөрүлгөн иш чаралары тууралуу маалымат берди. Жыйындын соңунда Базар-Коргон айыл өкмөтүнүн баш имамынын бир жылдык отчету “жакшы” деп бааланды.