Чүй облусунун Расвет айылынын имамынын демилгеси менен айылдагы 3 муктаж үй-бүлөгө 10 миң сомдук тамак-аш азыктары жардам катары тапшырылды

Аламүдүн районунун Расвет айылынын имамы Абдыразак Нарказиевтин демилгеси менен  мечит жамааты жардамга муктаж жана мүмкүнчүлүгү чектелген 3 үй-бүлөгө 10 миң сомдук тамак-аш азыктарын жардам катары тапшырышты.

Акча каражаттарын Расвет айылынын жергиликтүү жашоочулары топтошуп, тамак-аш азыктарын сатып алышкан.

«Жер бетиндеги байлардын бардыгы зекет, садакаларын берип турганда эч бир жакыр, муктаж адам болмок эмес. Жараткан Зат кээ бирин кедейлик менен, кээ бирин оруу-сыркоо менен да сынайт. Биз муну Кудайдан деп билип, шүгүр кылсак Алла Таала түбөлүктүү жашоодо оюбузга да келбеген  белектер менен сыйлайт», — деди Абдыразак Нарказиев.