Ак-Буура чыгыш хатибиятынын баш имам хатиби Мады айылынын №92840 аскердик бөлүгүндө кызмат өтөп жаткан жоокерлерге “Мекенди сүйүү – ыймандан” аталышындагы лекциясын окуду

Ош шаарынын Ак-Буура чыгыш хатибиятынын баш имам хатиби Кара-Суу районуна караштуу Мады айылынын №92840 аскердик бөлүгүндө кызмат өтөп жаткан жоокерлерге “Мекенди сүйүү – ыймандан” аталышындагы лекциясын окуду.

Иш чарага түштүк гарнизон боюнча аскердик прокурорунун орун басары Бакыт  Матраимов жана Ак-Буура чыгыш хатибиятынын баш имам хатиби Мирланбек ажы Токтомушов катышып, конфиликтердин алдын алуу, Кылмыш-жаза кодекси,  суицид жана башкаларга зыян жеткирүү боюнча маалымат беришти.

Ал эми Ак-Буура чыгыш хатибиятынын баш имам хатиби рекетчилик, талап-тоноочулук, үстөмдүк кылуу, мекенди сүйүүдөгү инсандын милдети, Ата-Мекенди коргоо сооптуу иштерден экендигин айтып, жоокерлерди ак кызмат өтөөгө чакырды.