Ырдык айылындагы «Хазрети Юсуф» мектебинин окуучуларына өз жанына кол салууну токтотуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Жети-Өгүз районунун  баш имам хатиби Каныбек ажы Кожогулов РИИБ кызматкерлери менен биргеликте Ырдык айылындагы «Хазрети Юсуф» атындагы орто мектепте экстремизм, терроризм, суицид жана  рекетчилик боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүздү.

Иш чарага райондук акимчиликтен  Рахат Урдөөлөтова жана айыл имамы Мажид Наншанло катышып, окуучуларды билимдүү болууга чакырышты.

«Ийгилик — бул аракеттенүү, убаккытты туура пайдалануунун натыйжасында келип чыгат. Инсан бир орунда токтоп калбай, дайыма издөнүүнүн үстүндө болушу крек. Окуп, угуп, үйрөнүп жана билиминди турмушка колдоно билүү маанилүү. Ар бир күндү, ар бир көз ирмемди окууга жана билиминди өркүндөтүүгө сарпташ керек»,-деди Каныбек ажы Кожогулов.